Кыргыз Республикасы кезектеги “B” деңгээлиндеги кредиттик рейтингине ээ болду

Новости
28-Апрель 2025-ж.
365

Бул жолу «B» деңгээлиндеги кредиттик рейтинг «Туруктуу» божомолу менен Fitch эл аралык рейтинг агенттиги тарабынан алгачкы жолу ыйгарылды.

S&P Global Ratings агенттиги сыяктуу эле, Fitch агенттиги да Кыргызстандын туруктуу экономикалык өсүшүн белгилейт. Айрыкча, отчетто 2022–2024-жылдары Кыргызстандын ИДПсы жылына орточо 9% деңгээлинде өсүп турганы көрсөтүлгөн. Бул көрсөткүч сооданын тез өнүгүшү, капиталдын агымы жана курулуш тармагына болгон инвестициялардын көбөйүшү менен шартталган.

Мындан тышкары, туруктуу фискалдык көрсөткүчтөр тууралуу сөз болуп, Кыргызстан 2021-жылдан тартып күчтүү фискалдык позициясын сактап, 2023 жана 2024-жылдары профицитке жеткенин, бул салыктарды күчтүү чогултуу менен шартталганын белгилейт. Салык базасы кыйла диверсификацияланган, ал эми салык чогултуу мүмкүнчүлүгү «В» категориясындагы аналогдорго салыштырмалуу күчтүү экендиги баса белгиленди.

Fitch ошондой эле энергетика жана тоо-кен тармагына инвестициялардын көбөйүшү, демографиялык оң тенденциялар жана экономиканы диверсификациялоо жана формалдаштыруу боюнча аракеттер өлкөнүн орто жана узак мөөнөттүү экономикалык өсүшүнө колдоо көрсөтөрүн белгилейт.

Рейтингди ыйгаруу экономиканын ачыктыгын, туруктуулугун жогорулатуу жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу багытында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин узак жана жемиштүү ишинин натыйжасы болуп саналат.

Дүйнөдөгү эң беделдүү агенттиктердин биринен кредиттик рейтингди алуу - эл аралык финансы рынокторунун ишенимин бекемдөө жолундагы маанилүү кадам. Бул каржылоо булактарын диверсификациялоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана өлкөнүн экономикасына инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт.


Маалымат үчүн:

Fitch Ratings — дүйнөдөгү эң ири үч эл аралык рейтинг агенттигинин бири (S&P Global Ratings жана Moody’s менен бирге).

Fitch рейтингдери эл аралык финансы рынокторунда маанилүү роль ойнойт, анткени:

•  карыз алуулардагы пайыздык чендерге;

•  өлкөнүн же компаниянын инвестициялык жагымдуулугуна;

•  дүйнө жүзүндөгү инвесторлордун жана кредиторлордун чечимдерине таасир этет.

https://www.fitchratings.com/research/sovereigns/fitch-publishes-kyrgyzstan-b-idr-outlook-stable-24-04-2025 

Онлайн кайрылуу