Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

Новости
25-Апрель 2025-ж.
111

2025-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Искендер Асылкуловдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча Межведомстволук жумушчу топтун жыйыны болуп өттү. Жумушчу топтун курамына Жогорку Кеңештин 6 депутаты, мамлекеттик органдардын 25 өкүлү жана 30дан ашык ишкердик коомчулугунун өкүлдөрү кирди.

Жолугушуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун башталышын белгилеп, салык системасын заманбап чакырыктарга жана улуттук экономиканын муктаждыктарына ылайыкташтырууга багытталган. Катышуучулар алдыдагы өзгөртүүлөрдүн негизги максаттарын жана принциптерин талкуулап, иштердин планын бекитишти жана негизги багыттар боюнча жоопкерчиликтерди бөлүштүрүштү.

Жумушчу топ мамлекеттик органдар, мыйзам чыгаруу бийлиги жана бизнес коомчулук ортосундагы тыгыз кызматташтык үчүн аянтча болуп саналат. Бул кызматташтык ишкерликти жана жалпы экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн заманбап жана туруктуу салык саясатын калыптандырууга багытталган.

#КРЭКМ бардык кызыкдар тараптарды активдүү катышууга чакырат. Салык кодексине сунуштар жана пикирлер расмий форматта mail@mineconom.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.

Байланыш үчүн:

Нурманбетов Слан,

Салык саясаты башкармалыгынын башкы адиси

тел.: 620535 (+254)

Онлайн кайрылуу