Кыргыз-словак бизнес-форуму: эки тараптуу экономикалык өнөктөштүккө жаңы дем

Новости
25-Апрель 2025-ж.
61

2025-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков кыргыз-словак бизнес-форумунун ачылыш аземине катышты. Иш-чара Словакия Республикасынын тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланардын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында уюштурулду. Бул форумдун быйыл өткөрүлүшү өзгөчө символикалык мааниге ээ — Кыргыз ССРинин аймагында «Интергельпо» кооперативинин түзүлгөнүнө 100 жыл толду.

Форум экономикалык кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулоо үчүн натыйжалуу аянтча гана болбостон, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрү үчүн түз байланышты орнотууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого уникалдуу шарт түзүп берди.

«Бүгүнкү форум Кыргыз Республикасы менен Словакия Республикасы ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул — өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана экономикабыз үчүн реалдуу жыйынтыктарды алып келе турган перспективдүү демилгелерди ишке киргизүүгө багытталган маанилүү кадам», — деп белгиледи Бакыт Сыдыков.

Словакия делегациясын 40тан ашуун компания жана расмий өкүлдөр, анын ичинде өнөр жай, IT жана инвестициялык секторлордун өкүлдөрү түздү. Кыргыз тараптан мамлекеттик органдар жана артыкчылыктуу тармактарда иш алып барган ишкерлер катышты.

Кыргыз-словак бизнес-форуму эки өлкөнүн экономикалык мамилелеринин өнүгүшүндөгү маанилүү окуя болуп, соода-инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө болгон жогорку кызыгууну даана көрсөттү.

Иш-чаранын алкагында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен Словакия Республикасынын тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланардын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Тараптар экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, инвестиция тартуу маселелерин, ошондой эле өнөр жай, энергетика, санариптештирүү, жашыл технологиялар сыяктуу артыкчылыктуу багыттарда өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Онлайн кайрылуу