Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы эттин баасын көзөмөлдөө боюнча ишин улантууда

Новости
25-Апрель 2025-ж.
552

2025-жылдын 24-апрелинде #КРЭКМ караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын (мындан ары – МККК) кызматкерлери Бишкек шаарындагы соода түйүндөрүндө жана эт сатуучу павильондордо (анын ичинде Б. Юнусалиев көчөсүндөгү “Бета Сторес 2” соода борборунда жайгашкан “Глобус” гипермаркетинде) уй жана кой этине болгон чекене бааларга мониторинг жүргүзүштү.

Мониторингдин жыйынтыгында сатыкта негизинен филе эт — сөөктөрү алынган, стейк жана башка тамактар үчүн даярдалган уй эти 1 кг 720дан 820 сомго чейин сатылып жатканы аныкталды. Ошондой эле, аталган павильондо 550 сомдон да эттин башка түрлөрү сатылып жатканы белгиленди.

Иш-чаранын алкагында МККК кызматкерлери соода өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоого жана негизсиз баа жогорулатууга жол бербөө зарылдыгын белгилешти. Соода түйүндөрүнүн ээлери продукциянын баасын кайрадан карап чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.

Эт базарындагы баанын туруктуулугун камсыздоо максатында МККК:

•  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 токтому менен бекитилген тизмеге кирген социалдык мааниге ээ товарлардын баасына жумасына бир жолу мониторинг жүргүзөт;

•  Эт бааларынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте мал базарларына чыгуу иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул иш-чараларда сатуучулар жана сатып алуучулар менен спекулятивдүү баа көтөрүүлөргө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Бул аракеттердин негизги максаты — эт базарында жасалма баа жогорулоонун алдын алуу жана керектөөчүлөр үчүн баалардын туруктуулугун камсыз кылуу.

Онлайн кайрылуу