Бакыт Сыдыков ЕЭК энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегиясынын мүчөсү Арзыбек Кожошев менен жолугушту

Новости
24-Апрель 2025-ж.
123

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков ЕЭК энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (Министри) А.О. Кожошев менен анын Кыргыз Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Евразия экономикалык интеграциясынын күн тартибине кирген транспорт жана энергетика тармактарындагы актуалдуу маселелер талкууланды. Евразиялык транспорт коридорлорун өнүктүрүүнүн, санариптик технологияларды киргизүүнүн жана энергия ресурстары үчүн бирдиктүү базарларды түзүүнүн мааниси белгиленди.

Тараптар ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин алкагында экономикалык процесстерди 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде мындан ары өнүктүрүүгө багытталган Декларацияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын транспорт жана энергетика боюнча пункттарын макулдашуу процессин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда министрлер ЕАЭБдин туруктуу жана натыйжалуу транспорттук системасын түзүүгө багытталган интеграцияны жана кызматташууну мындан ары да чыңдоого даяр экендигин билдиришти.

Онлайн кайрылуу