Искендер Алыкулов: Кыргызстан сооданы санариптештирүүгө артыкчылыктуу маани берет

Новости
24-Апрель 2025-ж.
202

Бишкек шаарында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан мамлекеттик жана жеке секторлордун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдар жана өнөктөш өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышкан, Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Улуттук комитеттеринин (СЖЖУК) 13-регионалдык жолугушуусу өтүп жатат (2025-жылдын 24–25-апрели)

Иш-чаранын ачылышында КР экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов учурашуу сөзүн сүйлөп, бул аянтчанын региондогу туруктуу сооданы өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен стратегияларды иштеп чыгуудагы маанисин белгиледи. 

“Кыргызстан сооданын санариптештирилишине, кагазсыз документ жүгүртүүгө өтүүгө жана логистикалык тоскоолдуктарды жоюуга артыкчылык берет”, — деп баса билдирди министрдин орун басары.

Ошондой эле, Искендер Асылкулов Кыргызстандын региондук санарип күн тартибин илгерилетүүдөгү активдүү ролуна токтолду. Маанилүү кадамдардын катарында БУУнун ЭСКАТО уюмунун Кагазсыз соода боюнча кеңешине өлкөнүн төрагалыгы жана санариптештирүү менен кагазсыз соода боюнча Регионалдык жумушчу топту түзүү демилгеси бар экендигин өзгөчө белгиледи.

Катышуучулар:

  • соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча жетишилген жыйынтыктарды жана учурдагы чараларды баалоо;
  • реформаларды ишке ашырууга жеке сектордун катышуусу;
  • Business Ready жана Логистиканын натыйжалуулук индекси (LPI) сыяктуу эл аралык индекстерди колдонуу;
  • кагазсыз сооданын өнүгүшү жана санарип чечимдерди киргизүү;
  • жасалма интеллектти кошкондо, алдыңкы технологияларды колдонуу маселелерин талкуулашууда. Ошондой эле транспорт жана транзит маселелери, анын ичинде Транс-Каспий транспорт коридорунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелери каралууда.

Жолугушуунун алкагында артыкчылыктуу багыттар боюнча жумушчу топтордун жыйындары да өтүп жатат.

Иш-чара #КРЭКМ колдоосу менен Германия өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Онлайн кайрылуу