2025-жылдын 23-апрелинде #КРЭКМ министрдин орун басары Санжар Болотов менен Эстония Республикасынын Кыргыз Республикасындагы (резиденциясы Казакстанда) Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси мырза Яап Оранын жолугушуусу өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн экономикалык алакаларды өнүктүрүү, атап айтканда, санариптештирүү, стартаптарды колдоо, логистика, туризм жана инвестиция тартуу жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Санжар Болотов мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүдө, санариптик ишкердик чөйрөсүн өнүктүрүүдө жана стартаптарды өнүктүрүүдө Эстониянын алдыңкы тажрыйбасын өздөштүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Айрыкча e-Residency платформасы кызыгууну жаратты. Бул платформа дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндөгү ишкерлерге Эстонияда компания ачууга жана аны алыстан башкарууга мүмкүнчүлүк берет. Министрдин орун басары бул платформа сыяктуу долбоорлорду өлкөбүздө да ишке ашыруу чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, ошондой эле эл аралык экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.