Кыргызстанда ДСУнун инвестициялар боюнча семинары өтүүдө

Новости
23-Апрель 2025-ж.
1017

Бүгүн, 22-апрелде, #КРЭКМ өкүлдөрү Эл аралык соода борбору (ITC) тарабынан Европа Биримдигинин каржылоосу менен жана Улуттук инвестиция агенттигинин колдоосу астында уюштурулган техникалык семинарга катышышты. Иш-чара «Ready4Trade Борбор Азия» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Семинардын максаты — Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) Инвестицияларды өнүктүрүү максатында колдоо боюнча макулдашуусун (IFD) ишке ашырууга көмөктөшүү болуп саналат. Программага улуттук инвестициялык чөйрөнү түзүмдүү өзүн-өзү баалоо процесси кирет. Катышуучулар ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, процедураларды жөнөкөйлөтүү, туруктуу инвестициялар жана өз ара аракеттенүү механизмдери боюнча чараларды талкуулашууда.

Семинар мамлекеттик органдардын, жеке сектордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирип, инвестициялык климатты жакшыртуу жана техникалык жардам боюнча негизделген суроо-талапты түзүү үчүн артыкчылыктуу багыттарды аныктоого багытталган.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда туруктуу, ачык жана атаандаштыкка жөндөмдүү инвестициялык чөйрөнү өнүктүрүүгө багытталган эл аралык демилгелердин алкагында мындан аркы кызматташууга даяр экендигин билдирет.

Онлайн кайрылуу