Кыргызстандын аймактарынын келечеги: Бишкекте мамлекеттик программанын негизги кадамдары талкууланды

Новости
23-Апрель 2025-ж.
245

2025-жылдын 23-апрелинде Бишкекте 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашырууну талкуулаган конференция өттү. Өз сөзүндө экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов программа аймактарды өнүктүрүү боюнча эффективдүү башкаруу системасын түзүүгө багытталганын, бул система экономиканын өсүүсүн камсыз кылып, жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөөрүн билдирди.

Иш-чаранын алкагында маалыматка негизделген жаңы пландоо ыкмаларын киргизүүнүн учурдагы жыйынтыктары, ошондой эле жергиликтүү коомдун жана бизнестин өкүлдөрүнүн чечим кабыл алуу процессиндеги ролу талкууланды. Конференциянын катышуучулары башкаруу механизмдерин жакшыртуу жана бардык деңгээлдерде инвестицияларды тартуу жана инфраструктураны өнүктүрүү үчүн эффективдүү шарттарды түзүү зарылдыгын белгилешти.

Маалыматтардын көптүгү менен коркутушканына карабастан, иш жүзүндө пландоонун жаңы ыкмалары так божомолдорду жасоого жардам берип, айыл өкмөтү менен райондун ортосундагы байланышты жакшыртты деп билдиришти жергиликтүү администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү. Процесстин маанилүү бөлүгү болгон Координациялык кеңештер мамлекетти, бизнести жана жергиликтүү коомдорду бириктирип, аймактарды өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-аракеттерге шарт түздү.

Экономика жана коммерция министрлиги, Дүйнөлүк Банк, Өнүктүрүү саясат институту жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясынын биргелешкен аракеттери менен, EGED программасынын каржылык колдоосу астында миңдеген муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлер жаңы пландоо ыкмаларын үйрөнүштү Бул өлкө боюнча жаңы жергиликтүү өнүктүрүү программаларын ишке киргизүүгө мүмкүндүк берди. Чоро Сейитов белгилегендей Өнүктүрүү саясат институту бул процессте негизги ролду ойноду, ал эми Координациялык кеңештер мамлекеттин, бизнестин жана жарандардын өз ара аракеттенүүсү үчүн эффективдүү платформага айланды.

Конференцияга 100дөн ашык катышуучу чогулуп, алардын ичинде министрликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, аймактык өнүктүрүү боюнча эксперттердин, академиялык чөйрө өкүлдөрүнүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чара #КРЭКМ тарабынан, Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте «Экономикалык өнүктүрүү үчүн эффективдүү башкаруу» (EGED) программасынын алкагында эл аралык өнүгүү үчүн Улуу Британия өкмөтүнүн (FCDO) каржылык колдоосу менен уюштурулду.


 


Онлайн кайрылуу