Бахрейн менен экономикалык өнөктөштүк кеңейүүдө

Новости
22-Апрель 2025-ж.
227

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Бахрейн Падышалыгына болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Падышалыгынын ортосунда экономикалык кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Документке Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков кол койду. Меморандум эки өлкөнүн соода-экономикалык тармактардагы өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө багытталган.

Бул келишимдин негизинде кызматташууну тереңдетүү, тажрыйба алмашуу жана эки тараптын туруктуу өнүгүүсүнө жана жыргалчылыгына багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу пландалууда. Меморандумга кол коюу эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын кеңейтүүдө маанилүү кадам болуп саналат жана инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

Онлайн кайрылуу