Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги №212 токтому менен Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү (ташып кирүү), чыгуу (ташып чыгуу) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо тартиби бекитилди.
Документ расмий жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күн өткөндөн кийин – 2025-жылдын 3-майынан тартып күчүнө кирет.
Бул Тартип аркылуу төмөнкү маселелер жөнгө салынат:
• Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында чет өлкөлүк автотранспорт каражаттарын каттоо механизми;
• ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн тартиби;
• чет элдик транспорт каражаттарын Кыргызстандын аймагында пайдалануу талаптары.
Бул Тартипти киргизүү төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
• чет элдик транспорт каражаттарын, анын ичинде алардын болуу мөөнөттөрүн, тиешелүү түрдө каттоо жана көзөмөлдөө;
• чет өлкөлүк номер белгилери бар унааларды пайдаланууну тартипке келтирүү;
• мыйзамсыз алып келүү фактыларын алдын алуу.
Бул Тартиптин кабыл алынышы транспорт каражаттарын пайдалануу жана кыймылга келтирүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу, административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана ачык-айкындуулукту жогорулатууга багытталган.