Эл аралык тажрыйбасы бар Веста (Vesta) компаниясынын өкүлдөрү менен Кыргызстандагы мөмө-жемиш тармагына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча финалдык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
16-апрелде Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Соода өкүлү Чынгыз Токтобеков Түркиянын кургатылган мөмө-жемиштерди иштеп чыгууда алдыңкы орунда турган Веста (Vesta) компаниясынын ээси Хакан Четин жана жамааты менен кезектеги маанилүү жолугушуусун өткөрдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында Баткен жана Ысык-Көл облустарында өрүктү кургатып, экспортко багытталган заманбап фабрика куруу боюнча изилдөө иш сапарын уюштуруу пландалды.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын айтмагында бул долбоорду ишке ашыруу жөнүндө сүйлөшүүлөр Түркия Республикасындагы Соода өкүлү Чынгыз Токтобеков тарабынан 2024-жылдын июлунда башталган.