2025-жылдын январь-март айларына карата Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча кыскача экспресс маалымат

Новости
16-Апрель 2025-ж.
289

2025-жылдын башынан бери экономикалык өсүш жалпысынан жогорку деңгээлде уланып, ай сайын орточо өсүш 11,5% ды түзүп, туруктуу оң динамиканы көрсөтүүдө. Өзгөрүлгөн тышкы шарттарга түзүмдүк ыңгайлашуу, ички суроо-талаптын өсүшү жана инвестициялык жигердүүлүк экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча 2025-жылдын январь-март айларында ички дүң продукциянын көлөмү (мындан ары - ИДП) 329,1 млрд сомду жана реалдуу өсүү темпи 113,1 %ды (2024-ж. январь-март айларында– 110,0%) түздү. 

Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: өнөр жайда – 16,0 %га, тейлөө чөйрөсүндө – 8,7 %га, курулушта өндүрүштүн көлөмү 69,0 %га, айыл чарбасында – 2,5 %га өстү.

Экономикада түзүлгөн тенденциялардын эсебинен номиналдык ИДПнын түзүмүндө товарларды чыгаруучу тармактардын үлүшү 31,5 %ды, кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 51,0 %ды түздү. 

Өнөр жай. 2025-жылдын январь-март айларында өнөр жай ишканалары тарабынан 159,2 млрд сом суммасында дүң продукция өндүрүлгөн. Өндүрүштүн көлөмү 2024-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 16,3 %га көбөйдү (2024 - жылдын январь-мартында өсүш 4,5 %ды түзгөн).

Өнөр жай өндүрүшүнүн 2024-жылдын январь-мартына  салыштырмалуу өсүшү тазаланган мунайзат продуктуларынын (1,9 эсеге), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (1,7 эсеге), фармацевтикалык продукциялардын (41,7 %га), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (43,0 %га), жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүдө, полиграфиялык ишмердүүлүктүн (29,9 %га), химиялык продукциялардын (8,5 %га), ошондой эле негизги металлдарды өндүрүү көлөмүнүн (3,2 %га) көбөйүшү  менен камсыздалды.

Муну менен бирге, текстиль өндүрүшүнүн, кийим-кече өндүрүүнүн көлөмүнүн (12,1 %га), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун көлөмүнүн (3,6 %га) төмөндөшү белгиленди

Электр энергия, газ жана буу менен камсыз кылуунун көлөмүнүн 10,3 % га жогорулашы электр энергияны өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүүнүн өсүшү (4,6 %га) менен камсыздалды.

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки заттарды алуунун көлөмүнүн 21,5 %%га көбөйүшү негизинен сууну чогултуу, иштетүү жана бөлүштүрүүнүн (24,6 %га)  өсүшү менен камсыздалды.

Өнөр жай өндүрүшүнөн ИДПны түзүүгө салым 2,98 пайыздык пунктту түздү. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө өнөр жайдын үлүшү 20,8 %ды түздү.

Айыл чарба. 2025-жылдын январь-март айларында айыл чарбасынын дүң продукциясы 41,9 млрд сомду түздү. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 102,5 %ды түздү. 2024-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшүнүн өсүшү негизинен мал чарба продукциясын өндүрүүнү 2,5% га жогорулашы менен жумуртканы өндүрүүнүн 9,6 %га, сүттү - 1,2 %га жана этти - 2,7 %га   өсүшүнүн эсебинен камсыз кылынды.

Азыркы учурда республика боюнча Баткен, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарын камтыган активдүү жазгы талаа иштери улантылууда. Жүргүзүлгөн айдоо иштеринин жалпы аянты 156,6 миң гектарды түзөт.

Күздүк жана жаздык буудайды себүү 46,9 миң га ишке ашырылды, бул пландык түзүмдүн 45,6% ын түзөт. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аянт 8,8 миң гектарга көбөйгөн. Себүүнүн эң жогорку темпи Чүй облусунда катталган, анда пландын аткарылышы 90,5% ды түздү. Жаздык арпа 92,5 миң гектарга себилди, бул белгиленген пландын 38,3 %на туура келет. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аянт 29,5 миң гектарга көбөйгөн. 2025-жылга карата арпа айдоону 241,3 миң гектарга чейин кеңейтүү пландаштырылган. Жалал-Абад жана Ош облустарында жүгөрү эгүү иштери башталды. Отчеттук күнгө карата абал боюнча 8,3 миң га себилген, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,7 миң га көп. Республиканын аймагында картошка отургузуу 4,5 миң гектарга жүргүзүлдү, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 миң гектарга көп. Жашылча жана бакча өсүмдүктөрүн отургузуу иштери негизинен Ош жана Жалал-Абад облустарында башталган. Учурда айдоо аянты 4 миң гектардан ашат.

Айыл чарба тармактарын каржылоо боюнча мамлекеттик колдоо уланууда. 2025-жылдын 3-апрелине карата абал боюнча "Айыл чарбасын каржылоо-13" долбоорунун алкагында республиканын 2 078 айылдык товар өндүрүүчүлөрү 1 279,4 млн сом суммасында жеңилдетилген насыялар менен каржыланган, анын ичинде: "Мал чарба" тармагы боюнча 1 724 субъект 1071,1 млн сом суммасында; "Өсүмдүк өстүрүү" тармагы боюнча 326 субъект 157 млн сом суммасында; "Суу үнөмдөө технологиясы" чөйрөсүндө 7 субъект 5,8 млн сом суммасында; "Лизинг" чөйрөсүндө 21 субъект 45,6 млн сом. Бул долбоорду ишке ашырууга "Айыл Банк" ААК жана насыялоо көлөмү 5,0 млрд сомду түзгөн "Элдик Банк" ААК катышууда.

Айыл чарба өндүрүшүнөн ИДПны түзүүгө салым 0,1 пайыздык пунктту түзгөн. ИДПнын түзүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 4,2% түздү.

Курулуш. 2025-жылдын январь-мартынын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 56,8 млрд сомду түзүп, 90,6 %га өстү (2024-жылдын январь-мартында 63,9 %га өскөн).

2024-жылдын январь-мартына салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү каржылоонун ички булактарынын 2,1 эсеге көбөйүшү менен камсыз кылынды, ошол эле убакта тышкы булактардын көлөмү, тескерисинче, 1,5 эсеге кыскарды.

2025-жылдын январь-мартында инвестициялардын негизги көлөмү (инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 93 %га жакыны) пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, маалымат жана байланыш, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), билим  берүү объекттеринин курулушуна, ошондой эле турак жай курулушуна багытталды.

  • Экономиканын капиталдаштыруунун олуттуу өсүшү төмөнкү факторлор менен шартталган: 
  • «Менин үйүм» программасынын алкагында турак жай курулушунун көлөмүнүн көбөйүшү;
  • ААК «Кант цемент заводу» тарабынан кургак ыкма менен клинкер өндүрүүнүн жаңы линиясын куруу;
  • байланыш тармактарын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого инвестициялардын көбөйүшү, анын ичинде мобилдик байланыш операторлору — ЖАК «Альфа Телеком» (MegaCom бренди) жана ЖЧК «Нур Телеком» (О! бренди) тарабынан жаңы базалык станцияларды куруу;
  • Ысык-Көл айланма автожолунун курулуш долбоорунун ишке ашырылышы;
  • Бишкек шаардык мэриясы тарабынан шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө капиталдык салымдардын көбөйүшү;

өлкөнүн туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүгө болгон инвестициялардын өсүшү.

Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнө жараша, 2025-жылдын январь-март айларында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 49,0 млрд сомду түзүп, 69,0 %га көбөйдү (2024-жылдын январь-мартында өсүш 51,1 % болгон).

Курулуш секторунан ИДПга оң салым 3,03 пайыздык пунктка бааланат. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө курулуштун үлүшү 6,6 %ды түздү.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсү мурдагыдай эле ИДПнын түзүмүндө басымдуу үлүштү ээлеп, экономикалык өсүшкө эң чоң салымды камсыз кылууда. 2025-жылдын январь-март айларында кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң продукциясынын көлөмү 254,2 млрд сомду түздү жана 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,2 % га көбөйдү.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн жогорку өсүшү калктын кирешесинин көбөйүшү менен шартталган (2025-жылдын январь-февраль айларында орточо айлык эмгек акынын номиналдык көлөмү 17,8%га өстү; 2025-жылдын январь-март айларында пенсиянын орточо өлчөмү 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик 15%га көбөйдү).

Кызмат көрсөтүүчү экономика тармактарынын түзүмүндө эң көп үлүштү дүң жана чекене соода – 27,4 %, транспорттук иш жана жүктөрдү сактоо кызмат көрсөтүүлөрү – 10,3% жана финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрү – 10,3% ээлейт.

Дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун көлөмү 2025-жылдын январь-март айларында 69,7 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 117,5 % түздү. Дүң жана чекене сооданын, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун жүгүртүүлөрүнүн 2024-жылдын январь-мартына салыштырмалуу өсүшү дүң (2,6 %га) жана чекене сооданын (19,9 %га) көлөмүнүн өсүшү менен камсыздалды..

2025-жылдын январь-март айларында транспорттук ишмердиктин кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана жүктөрдү сактоонун көлөмү 26,1 млрд сом суммасында түзүлдү жана 7,9 %га көбөйдү. Транспорттун бардык түрлөрү менен 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,9 % га көп ар кандай жүктөрдү, 13,3 млн тонна ташылган. Ошондой эле республиканын жүк ташуучулары тарабынан 164,4 миллион жүргүнчү ташылды, бул 2024-жылдын тийиштүү мезгилине караганда 15,9 % га көп.

2024-жылдын январь-мартына салыштырмалуу мейманканалар жана ресторандар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү 2025-жылдын январь-март айларында 26,4 %га өсуп, 10,6 млрд сомду түздү. Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн өсүшү, Жалал-Абад облусунан тышкары, республиканын бардык региондорунда байкалган.

Отчеттук мезгилде маалымат жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң көлөмү 15,2 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 109,9 % түздү. 

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн ИДПнын өсүүсүнө болгон салымы 4,66 пайыздык пункттун деңгээлинде бааланат, ал эми ИДПны өндүрүү түзүмүндөгү салыштырма салмагы 51,0 %ды түздү.

Керектөө бааларынын индекси 101,8 %ды түздү (2025-жылдын март айы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу). Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2025-жылдын январь-марты 2024-жылдын январь-мартына карата) 106,9 %ды түздү. 

Мында баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 3,4 %га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 1,8 %га жана калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер -1,1 %га жогорулады, ал эми баалар азык-түлүк эмес товарларга тескерисинче 0,6 %га төмөндөдү.

Бул мезгилде баалар эң көп картошкага - 38,0 %га, жаңы жашылча-жемиштерге (14,4 %га), балыкка (6,6 %га), жаңы этке (4,6 %га), ошол эле мезгилде койдун этине (5,7 %га), жылкы этине (4,7 %га), уйдун этине (4,6 %га) жана өсүмдүк майына (1,2 %га) кымбаттаган. 

Муну менен катар тоок жумурткасына (5,4 %га), кантка (3,7 %га), унга жана күрүчкө (0,8 %га) жана куюлуп сатылуучу сүткө (0,4 %га) баалардын төмөндөшү катталды. 

Үстүбүздөгү жылдын январь-мартында (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык аймактарында белгиленген. Мында баалардын максималдуу өсүшү (3,5 %) Ош облусунда белгиленген, бул башка региондорго салыштырмалуу баанын тамаш-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга (5,5 %га) жогору болушу менен шартталган. Баалардын алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге эң көп жогорулашы (6,8 %га) Ош шаарында, ал эми азык-түлүк эмес товарларга (0,8 %га) жана калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (2,2 %га) максималдуу өсүшү Ысык-Көл облусунда катталды.

Эмгек акы. Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2025-жылдын январь-февраль айларында 39 456 сомду түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17,8 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 10,2 %га өстү. 

2025-жылдын январь-февралында 2024-жылдын январь-февралына салыштырганда номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды. Алардын эң олуттуу жогорулашы курулушта (39,7 %га), кыймылсыз мүлк операциялары (34,1 %га), маалымат жана байланыш (26,9 %га), дүң жана чекене соода, административдик жана көмөкчү ишмердик (30,2 %га), мейманканалардын жана ресторандардын ишмердиги (25,8 %га), финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (25,6 %га), саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө (23,8 %га), ошондой эле кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (22,1 %га) чөйрөлөрүндө болду.

Тышкы жана өз ара соода. 2025-жылдын январь-февраль айында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2 070,6 млн АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 13,2 % га төмөндөдү. Мында, соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 15,2 %ды, импорттуку – 84,8 %ды түздү.

Кыргыз Республикасынын экспорттук берүүлөрү 2024-жылдын  январь-февраль айларына салыштырмалуу 4,7 % га кыскарып, 314,4 млн АКШ долларын түздү.

Кыргыз Республикасына импорттолуучу товарлардын көлөмү 1 756,2 млн АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 14,6% га төмөндөдү. 2025-жылдын башынан тартып Кыргыз Республикасында импорттун көлөмүнүн  олуттуу даражада кыскарышы үчүнчү өлкөлөр менен тышкы сооданын көлөмүнүн азайышы менен шартталган, алардын үлүшүнө салттуу түрдө керектөө товарларын, техникаларды, автомобилдерди жөнөтүүнүн олуттуу бөлүгү туура келет.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-февралында 723,6  млн. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 17,3% га өстү. Бул мезгилде Республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (69,8 %) жана Казакстанга (28,3 %) туура келди.

Үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкары) тышкы сооданын көлөмү 1,3 млрд.  АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 23,9% га төмөндөдү.

Онлайн кайрылуу