2025-жылдын 15-апрелинде KyrgyzBuild 2025 - өлкөдөгү эң ири курулуш көргөзмөсүнүн ачылышынын алкагында Россия менен Кыргызстандын биргелешкен «Ирбис-курулуш» ишканасын түзүү тууралуу келишимге кол коюлду. Бул документке кол коюу — эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүү этабы болуп, бизнес өнүгүүсү, заманбап технологияларды киргизүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда олуттуу кадам болуп эсептелет.
Көргөзмөнүн расмий ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов катышты. Өзүнүн куттуктоо сөзүндө ал курулуш тармагын өнүктүрүүдө эл аралык кызматташуунун маанисин баса белгилеп, мындай биргелешкен долбоорлор экономиканын өсүшүнө олуттуу салым кошоорун белгиледи.
KyrgyzBuild 2025 көргөзмөсү 15–17-апрель күндөрү Бишкекте өтүүдө. Иш-чара курулуш тармагындагы дүйнөнүн булуң-бурчунан келген алдыңкы адистерди, өндүрүшчүлөрдү жана дистрибьюторлорду бириктирип, инновацияларды таанытуу, пикир алмашуу жана өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн башкы аянтчасы болду.
Быйылкы көргөзмөнүн өзгөчөлүгү — Кыргызстандын курулуш материалдарын чыгаруучу ата мекендик өндүрүшчүлөрүнүн кеңири катышуусу. Алар улуттук тармактын мүмкүнчүлүктөрүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүдө.