Кыргызстан жана UKEF экспорт менен инвестицияларды колдоо боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты

Новости
15-Апрель 2025-ж.
205

Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев Улуу Британия Өкмөтүнүн экспорттук келишимдерди каржылоо боюнча агенттиги (UK Export Finance, UKEF) менен болгон жолугушууда UKEF менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле ал эл аралык өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул ички экспорттун өсүшүнө түрткү берип, инвестицияларды тартууга өбөлгө болорун баса көрсөттү.

UKEF өкүлдөрү өз кезегинде ар кандай өлкөлөрдө ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлорунун мисалдарын бөлүшүп, кыргыз тарап менен конструктивдүү диалог жүргүзүүгө даяр экендиктерин тастыкташты.

Маалымат үчүн: визиттин максаты — экспорттук активдүүлүктү колдоо жана Кыргызстан экономикасына эл аралык тажрыйбаны тартуу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо болгон. UK Export Finance дүйнөлүк рынокко чыгууга умтулган компанияларга каржылоону жана тобокелдиктерди башкаруу инструменттерин жеке каржы мекемелери менен өнөктөштүктө сунуштайт.

Белгиленгендей, дүйнө жүзүндөгү мамлекеттик жана жеке коммерциялык сатып алуучулар агенттиктин каржылык механизмдерин колдонсо болот, эгерде долбоордун наркынын кеминде 20% британдык товарлар же кызматтар менен камсыздалса.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын кеңейтүүгө жана глобалдык экономикалык процесстерге интеграциялоого багытталган кызматташуунун мүмкүн болгон форматтарын талкууну улантууну макулдашты.

Онлайн кайрылуу