Кыргызстан менен Хэйлунцзян провинциясы экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо

Новости
15-Апрель 2025-ж.
240

2025-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев менен Кытай Эл Республикасынын Хэйлунцзян провинциясынын партиялык комитетинин катчысынын орун басары Чжан Аньшунь жолугушту.

Эки тараптуу экономикалык байланыштарды бекемдөө алкагында өткөн жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын өнөр жай жана айыл чарба тармактарында алдыңкы орунда турган Хэйлунцзян провинциясы ортосундагы кызматташуунун келечеги талкууланды.

Назарбек Малаев эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилелеринин ийгиликтүү динамикасын баса белгилеп, Хэйлунцзян провинциясы менен мындан ары да кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушууда 2025-жылдын май айында өтө турган 34-Харбин эл аралык соода-экономикалык көргөзмөсүнө Кыргызстандын катышуусу боюнча маселе көтөрүлдү. Чжан Аньшунь кыргыз тарапты бул маанилүү иш-чарага катышууга чакырып, аны ишкер байланыштарды түзүү жана кеңейтүү үчүн маанилүү платформа катары белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка кызыкдар экендиктерин билдиришип, мамлекеттер аралык деңгээлде жүргүзүлүп жаткан өз ара сапарлардын жана иш-чаралардын активдүүлүгүн белгилешти.

Онлайн кайрылуу