Кыргызстан соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүштү

Новости
11-Апрель 2025-ж.
259

2025-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Дүйнөлүк Соода Уюму (ДСУ) боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурбек Максутов Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык экономикалык комиссиясы (БУУ ЕЭК) уюштурган Туруктуу өнүгүү боюнча регионалдык форумдун алкагында өткөн панелдик сессияда сүйлөп, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана санариптештирүү боюнча Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу баяндама жасады.

Ал өлкөнүн географиялык абалын эске алуу менен, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, санарип сооданы өнүктүрүү жана регионалдык кызматташтыкты чыңдоо Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттар экенин белгиледи.

Максутов өз сөзүндө 2017-жылы түзүлгөн Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Улуттук кеңештин ишмердүүлүгүнө өзгөчө токтолду. Анын айтымында, Кыргызстан өнөктөш уюмдардын колдоосу менен ДСУнун сооданы жөнөкөйлөтүү боюнча Макулдашуусундагы бардык милдеттенмелерин ийгиликтүү аткарган.

Ошондой эле ал Кыргызстан ЭСКАТО уюмунун кагазсыз соода боюнча Макулдашуусуна кошулганын жана учурда аталган уюмдун экономикалык комиссиясына төрагалык кылып жатканын маалымдады.

Мындан тышкары, 17 мамлекеттик органдын катышуусунда жүргүзүлгөн бизнес-процесстерди талдоо алкагында 31 мамлекеттик кызматтын түрү изилденген. Анын негизинде жол-жоболорду оптималдаштырууга жана мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга багытталган санарип аракеттер планы иштелип чыккан. Бул иштер Эл аралык соода борборунун колдоосу менен ишке ашкан.

Максутов соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган 2021–2025-жылдарга карата Жол картасы БУУ ЕЭК жардамы менен иштелип чыгып, учурда ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын да өзгөчө белгиледи.

Онлайн кайрылуу