⚠️ ВНИМАНИЕ! Данный сайт министерства больше не актуален. Перейдите на новый официальный сайт министерства: 🔗 Перейти сейчас

Тяньцзинь шаарында ШКУнун инвестиция боюнча жумушчу тобунун жыйыны өттү

Торгпредства КР
11-Апрель 2025-ж.
4781

Кыргыз Республикасы глобалдык соода-экономикалык өзгөрүүлөрдүн шартында биргелешкен долбоорлорду каржылоонун негизги каражаты катары ШКУ Өнүктүрүү банкын түзүүнү колдоду

Бул тууралуу 10-жылдын 2025-апрелинде Тяньцзинде (КЭР) Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин инвестицияларына көмөктөшүү боюнча атайын жумушчу тобунун 9-отурумунун жүрүшүндө айтылды.

Жыйынга Кытайдагы #КРЭКМ алдындагы Соода өкүлчүлүгүнүн эксперти Бекетай Мухтар катышты. Өз сөзүндө кесиптештерин ШКУ мамлекеттеринин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык Программасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымдады, ошондой эле бир катар артыкчылыктуу багыттар боюнча кыргыз тараптын позициясын билдирди.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар инвестициялык климатты жакшыртуу, туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана мүчө мамлекеттердин экономикалык эгемендүүлүгүн күчөтүү багытындагы маанилүү кадам катары улуттук валютадагы эсептөөлөргө өтүү маселелерин талкуулашты.