Кыргызстандык өндүрүүчүлөр Ташкентте продукциясын көрсөтүп жатышат

Новости
11-Апрель 2025-ж.
343

2025-жылдын 10-апрелинде Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында кыргыз продукциясынын көргөзмөсү ачылды. Өлкөнүн тажрыйбалуу компаниялары — «Белая Река», «Экопродукт Азия» («Organic» бренди), «Медовая Артель», «Абдыш-Ата», «Алайку Органикс», «Дар Земли», «Акун» жана ИП «Бакаев» — жаңы ачылган FOOD CITY базарында өз товарларын көрсөтүштү.

Көргөзмө Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү тарабынан Куйлюктагы жаңы базардын колдоосу менен уюштурулуп, ата мекендик продукцияны жайылтууга, өзбек импортчулары менен түз байланыштарды орнотууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.

Экспозиция 10-майга чейин ачык болот.

Онлайн кайрылуу