Бакыт Сыдыков: экономиканын өсүшүнүн оң динамикасы — бул мамлекет менен жеке сектордун биргелешкен ишинин жыйынтыгы

Новости
10-Апрель 2025-ж.
482

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков бизнес-коомчулук менен болгон ачык диалогтун жүрүшүндө билдирди.

«Бизнес — өлкө экономикасынын өнүгүшүндө негизги ролду ойнойт. Республикадагы экономикалык өсүшүнүн оң динамикасы — бул мамлекет менен жеке сектордун биргелешип жасаган иштеринин натыйжасы,» — деп белгиледи ал, катышуучуларга ыраазычылык билдиргенден кийин. Бизнеске колдоо көрсөтүүнүн маанилүү багыттары катары министр салык системасын реформалоону, мыйзамдарды өркүндөтүүнү, инфратүзүмдү жакшыртууну жана административдик тоскоолдуктарды жоюуну атады.

Жолугушуунун алкагында министр чакан жана орто ишкердикти (ЧОИ) колдоо жана өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун үчүнчү Элдик Курултайда айткан тапшырмасына ылайык, КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтом долбоорун #КРЭКМ даярдап жатканын маалымдады. Бул документте ЧОИ субъектилерине республикалык бюджеттин эсебинен субсидиялануучу жеңилдетилген пайыздык чен менен насыя берүү каралган.

Бакыт Сыдыков бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн сунуш-пикирлерин угуп, ишкерлер күнүмдүк ишмердүүлүгүндө туш болгон актуалдуу суроолорго жооп берди. Ал катышуучуларды өз демилгелерин жана көз караштарын активдүү бөлүшүүгө чакырып, дал ушундай сунуштардын негизинде экономикалык өнүгүү багытындагы мамлекеттик саясат мындан ары калыптана турганын баса белгиледи.

Онлайн кайрылуу