Санжар Болотов БУУнун Европа боюнча Экономикалык комиссиясынын 71-сессиясына катышты

Новости
09-Апрель 2025-ж.
691

2025-жылдын 8–10-апрелинде Женевада БУУнун Европа боюнча Экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) 71-сессиясы болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов катышты.

Сессиянын алкагында бир катар жолугушуулар өткөрүлдү.

Министрлер деңгээлинде өткөн жыйында Санжар Болотов СПЕКА программасынын алкагында өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылып жаткан негизги долбоорлордун учурдагы абалы боюнча баяндама жасады. Алардын ичинде «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу, «Камбар-Ата-1» ГЭСи долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана бажы процесстерин санариптештирүү боюнча аракеттер белгиленди. Иш-чарага Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Ходжамурад Гельдымурадов жана БУУ ЕЭКтин аткаруучу катчысы Татьяна Молчан төрагалык кылышты.

Швейцариялык бизнес өкүлдөр менен болгон жолугушууда Санжар Болотов Кыргызстандын инвестициялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн сунуштап, өлкөдөгү бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарга токтолду жана өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди. Ал Швейцариянын компанияларын келечектүү экономикалык долбоорлорго катышууга чакырып, жаңы инвестициялык сунуштарды кабыл алууга Кыргызстан даяр экендигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, БУУ ЕЭК сессиясынын жыйынында Санжар Болотов «Климат жаатындагы аракеттер жана туруктуу келечек үчүн чыдамкай инфраструктура» темасында чыгып сүйлөп, Кыргызстандагы «жашыл экономика» багытындагы негизги жетишкендиктерге токтолду. Ал Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин ийгиликтүү колдонуу тажрыйбасы менен бөлүштү.

Министрдин орун басарынын бул иш сапары өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эл аралык аренада алдыга жылдыруу жана өнөктөш өлкөлөр менен экономикалык кызматташууну кеңейтүү жаатында маанилүү кадам болду.


Онлайн кайрылуу