ЭКМде Өзбекстан менен Кыргызстандын аймактарындагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу маселеси талкууланды

Новости
09-Апрель 2025-ж.
259

2025-жылдын 9-апрелинде тажрыйба алмашуу алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Өзбекстан Республикасынын Махалле ассоциациясы жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитовдун төрагалыгы алдында өттү. Талкуу маалында негизги көңүл административдик-аймактык реформаларга, региондорду өнүктүрүүнү башкарууга жана социалдык-экономикалык өнүгүүнү комплекстүү пландаштырууга бурулду. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын аймактарында «өсүштүн таяныч чекиттерин» түзүү концепциясына бөлүндү.

КР ЭКМ региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын начальниги Искандарбек Маматов административдик-аймактык реформанын жыйынтыктары жана региондорду өнүктүрүү боюнча негизги ыкмалар менен катышуучуларды тааныштырды. Ал жергиликтүү деңгээлде туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга багытталган стратегиялык жана комплекстүү пландоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Бул жолугушуу Кыргызстандын жана Өзбекстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагындагы өз ара пайдалуу кызматташуусун чыңдоого багытталган маанилүү кадам болуп калды. Эки тарап тең региондордогу социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга багытталган мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Онлайн кайрылуу