Искендер Асылкулов: жеңил өнөр жайы — өлкөбүздүн негизги экспорттук тармагы

Новости
09-Апрель 2025-ж.
304

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов BFTF — Bee Fashion & Textile Forum эл аралык форумунда билдирди (Бишкек ш.) .

Министрдин орун басары жеңил өнөр жайы өлкөбүздүн негизги экспорттук тармагы экенин белгилеп, анын 93% кийим-кече буюмдары чет өлкөгө чыгарылып жатканын айтты. Бүгүнкү көргөзмө тармакты эл аралык аренада өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн маанилүү кадам болуп саналат, деп билдирди ал өз сөзүндө.

«Кыргыз Экспорт» ММ директору Урмат Такиров тигүү тармагындагы ишкерлерди колдоо жана каржылоону камсыздоо боюнча программаны сунуштап, борбордун негизги багыттары: аналитикалык жана консультациялык жардам, «Караван-экспорт» билим берүү программасы жана эл аралык көргөзмөлөргө катышууга көмөк көрсөтүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары, форумда өлкө өндүрүүчүлөрүнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү үчүн маанилүү стратегиялык багыт болуп саналган «Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программасына атайын көңүл бөлүндү. Ошондой эле  2025-жылдын 9-10-апрелинде Bee-Together Кыргызстан атайын көргөзмөсү өтө тургандыгы жарыяланды.

Иш-чара #КРЭКМ караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору, «РАФИ» ЖЧКсы жана Евразия Бизнес-клубу тарабынан уюштурулган.

(Маалымат иретинде: Форум Кыргызстандын жана Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн ортосунда текстиль жана мода тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналды).

Онлайн кайрылуу