Бүгүн, 8-апрелде, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, КР МинКаб башчысынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиевдин жетекчилиги алдында, Hytera компаниясынын продукциясын чогултуучу ишкананын киргизүү салтанаттуу иш-чарасына катышты.
2025-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №165-р токтому менен Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн Hytera компаниясынын продукциясы Мамлекеттик сатып алууларга катышууга уруксат берилген, келип чыгышын тастыктаган сертификаты бар өнөр жай товарларынын тизмесине киргизилген.
Бул чечим ички өндүрүүчүлөрдү колдоого, продукциянын сатылышын камсыздоого жана өндүрүш көлөмүн көбөйтүү аркылуу экономиканын туруктуу өсүшүнө өбөлгө түзүүгө багытталган. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекеттик сатып алуулар импортту алмаштыруу саясатынын натыйжалуу инструменти болуп саналат. Ички компанияларга мамлекеттик заказдарга артыкчылыктуу шарттарда жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү туруктуу суроо-талапты жаратууга жана жаңы технологиялык чынжырларды өнүктүрүүгө шарт түзөт.
Тизменин алкагында төмөнкү Hytera продукциялары киргизилди:
- Hytera VM750D көкүрөккө тагыла турган видеорегистратор
- Hytera HP785, HP705, HP565, HP515 рациялары
- Hytera HR1065 репитери.
Аскердик багыттагы өндүрүш КР УКМКнын Чек ара кызматындагы мамлекеттик «Инженердик технологиялар комплекси» ишканасы менен биргеликте жүзөгө ашырылат.
Бул продукцияларды учурда КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги, Коргоо министрлиги жана Финансы министрлигинин алдындагы Бажы кызматы пайдаланып жатат. Ошондой эле, КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы кызыгуу көрсөтүштү.
Учурда башталган чогултуу өндүрүшү — бул биринчи этап. Кийинки этаптарда металл конструкцияларынын корпустарын чыгарган цехти түзүү жана микросхемалар менен платаларды жогорку тактыкта чогулткан участокту ишке киргизүү пландалууда.
Маалымат үчүн: Hytera Communications Corporation Limited — телекоммуникация чечимдери боюнча дүйнөлүк лидер. Компаниянын дүйнө жүзү боюнча 90дон ашык өкүлчүлүгү жана 1,8 миллионго жакын кардары бар.