Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө

Новости
08-Апрель 2025-ж.
370

7-апрелде Ташкент шаарында кыргыз продукциясын Өзбекстан рыногуна чыгаруу алкагында #КРЭКМ караштуу Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү тарабынан “Кыргыз Экспорт” мамлекеттик мекемесинин соода миссиясы үчүн бир катар жолугушуулар уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында жаңы ачылган Куйлюк базары – “FOOD CITY” жетекчилиги менен жолугушуу өтүп соода миссиясынын катышуучулары базардын аймагы жана соода-инфраструктурасы менен таанышышыты. Тараптар кыргыз продукциясын жеткирүү шарттарын жана сунушталган соода жайларын ижарага алуу шарттарын талкуулашты. 

Андан соң шире жана жемиш пюресин өндүрүүгө адистешкен «Master Global Plyus» заводунун жетекчилиги менен жолугушуу өтүп, түшүм мезгилинде Кыргызстандан өрүк, алмалардын жеткирүү жана кыргыз бренди менен шире өндүрүүгө мүмкүнчүлүктөр жана маселелер каралды.

Иш-чаранын аягында соода тармагындагы «MAKRO» супермаркеттин жетекчилиги менен жолугушууда бир катар кыргыз азык-түлүктөрүн атап айтканда: маринаддалган жашылчалар, айыл чарба продукциясы, алкоголсуз суусундуктар, эт жана сүт азыктары жеткирүү шарттары талкууланды. 

Бул жолугушуулар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө, кыргыз продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана жергиликтүү өндүрүштү колдоого өбөлгө түзөт.

Онлайн кайрылуу