Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышкан «Борбордук Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү» эл аралык форумунун алкагында, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министринин орун басары Акрам Алиев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда өлкөлөр арасындагы соода мамилелерин кеңейтүүгө багытталган маселелер жана долбоорлор талкууланды. Айрыкча, товар айланымын 2 миллиард АКШ долларга жеткирүү боюнча план тууралуу сөз болду. Бакыт Сыдыков жана Акрам Алиев транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо боюнча пикир алмашып, биргелешкен инвестициялык жана өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Ошондой эле, эл аралык «Термез» соода борборун ачуу жана Ташкент менен Бишкекте соода үйлөрүн түзүү сыяктуу демилгелер, логистикалык тоскоолдуктарды кыскартууга жана аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган "Бишкек–Ташкент экономикалык коридору" долбоорун иштеп чыгуу талкууланды.