Чоро Сейитов: Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде ТӨМ ишке ашырууда 45-орунда жана Борбордук Азияда лидер болуп эсептелет

Новости
29-Март 2025-ж.
297

Бул тууралуу 28-мартта Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруунун Экинчи Улуттук ыктыярдуу серептөөсүн (УЫС) даярдоого арналган Улуттук кеңеште Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары билдирди.

Өз сөзүндө Чоро Сейитов #КРЭКМ туруктуу өнүгүү боюнча аракеттерди активдүү координациялап, экономикалык өсүшкө, социалдык адилеттүүлүккө жана экологиялык туруктуулукка өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

Тийиштүү мамлекеттик органдардын министрлеринин орун басарлары экономика, социалдык саясат, экология жана мамлекеттик башкаруу тармактарындагы абал боюнча талдоо жүргүзүп, негизги маселелерди белгилешти. Алардын ичинде билимге жана санарип технологияларга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, калктын аялуу катмарларын колдоо чаралары жана теңсиздикти жоюу маселелери бар.

Бул кеңеш Кыргызстан июль айында БУУнун Жогорку деңгээлдеги саясий форумунда сунуштай турган УЫСти даярдоонун маанилүү этабы болуп саналат. КР ЭКМ улуттук туруктуу өнүгүү саясатын бекемдөө боюнча ишин улантып, экономикалык туруктуулукту жана жарандардын жыргалчылыгын камсыз кылууга багытталган иштерди жүргүзүүдө.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттик администрациянын өкүлдөрү, мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, бизнес жана жарандык коом өкүлдөрү катышты. Өз сөздөрүндө алар 2030-Күн тартибин ишке ашыруу үчүн күчтөрдү бириктирүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Онлайн кайрылуу