#КРЭКМ жана КР ФМ караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Инвестициялык кеңештин катчылыгы, ЖИА бизнес-ассоциациясынын жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте «Бизнес агартуу кербени» Кыргызстандын бардык аймактарын камтыган, маалыматтык кампаниясын ѳткөрүүдө. Бул иш-чара 25-мартта Жалал-Абаддан башталып, Ош, Баткен шаарларында өттү. Жалпысынан 800дөн ашуун ишкерлер катышты.
Маалыматтык кампаниянын максаты – ишкерлерди жана бизнес өкүлдөрүн экономикалык, салыктык, укуктук өзгөрүүлөр менен тааныштыруу, ишкердик чөйрөсүндө жаралган маселелерди талкуулоо жана чечүү жолдорун сунуштоо.
Катышуучуларга
- ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн тартиби
- салык мыйзамдарындагы негизги өзгөрүүлөр
- мамлекет тарабынан бизнести колдоо чаралары
- туризм секторундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр
- ишкерлер үчүн милдеттүү камсыздандыруунун негизги түрлөрү жана талаптар боюнча түшүндүрмөлөр берилүүдө.
Бул иш-чара ишкерлерге жана бизнес коомчулугуна мамлекеттик реформалар жана бизнес чөйрөдөгү өзгөрүүлөр боюнча маалымдуулукту жогорулатууга, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн жеке кеңеш алууга, көйгөйлөрдү талкуулоого жана алардын чечүү жолдорун табууга жардам берет.
Бардык кызыкдар тараптарды «Бизнес агартуу кербени» маалыматтык кампаниясына катышууга чакырабыз!
Жолугушуулар Нарын ш. – 1-апрелде, Каракол ш. – 3-апрелде, Талас ш. – 8-апрелде, Токмок ш. – 10-апрелде, Кара-Балта ш.– 15-апрелде, Бишкек ш. – 16 апрелде өтөт.