Кыргызстан БРИКС менен аялдар ишкердиги багытында ишкердик байланыштарды тереңдетүүдө

Новости
27-Март 2025-ж.
356

Кыргызстан Москвада өтө турган БРИКСтин Аялдар ишкердиги боюнча экинчи форумуна катышат. Бул тууралуу келишим Бишкекте өткөн «Кыргызстандын жана БРИКС өлкөлөрүнүн аялдар ишкерчилиги: кызматташтыкты кеңейтүүнүн перспективалары жана жолдору» тегерек столунун жыйынтыгында БРИКС Аялдар ишкер альянсы (АИА), КР Соода-өнөр жай палатасы жана БРИКС АИАнын аймактык кеңсеси ортосунда макулдашылды.

Ошондой эле тараптар 2025-жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө Борбор Азиядагы биринчи БРИКС Аялдар ишкердиги форумун өткөрүүгө кызыктар экенин билдиришти. Бул иш-чара БРИКС Аялдар ишкердиги боюнча Борбор Азиядагы эң ири ишкердик жыйыны болушу күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Гүлшат Асылбаева бул платформа аялдар ишкердигин бекемдөөгө, аны дүйнөлүк экономикага интеграциялоого жана өсүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө көмөктөшөрүн белгиледи.

«Бүгүн аялдар инновациялык чечимдерди иштеп чыгууда, жаңы рынокторду өнүктүрүүдө жана социалдык трансформацияда маанилүү роль ойнойт. Бирок, чоң жетишкендиктерге карабастан, кыргызстандык ишкер айымдар жаңы каржылоо булактарына, санариптик трансформацияны тездетүүгө жана келечектүү рынокторго чыгуунун мүмкүнчүлүктөрүнө муктаж», — деп баса белгиледи ал.

Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргызстанда аялдардын эң көп иштеген тармагы тигүү өнөр жайы экени белгиленди. Бул тармакта 200 миңден ашуун адис эмгектенсе, алардын 80% аялдар түзөт. Ошол эле учурда, бул сектор дүйнөлүк бренддер менен атаандаштык, технологиялык революция, автоматташтыруу, жасалма интеллект жана туруктуу өнүгүү тенденциялары сыяктуу бир катар кыйынчылыктарга туш болууда.

«Кыргызстан БРИКСтин Аялдар ишкердик кеңсеси ачылган алгачкы өлкөлөрдүн бири болду. Бүгүнкү тегерек столдо биз аялдар ишкердигин колдоо максатында экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө дагы бир кадам таштадык. Кыргызстан БРИКС Аялдар ишкердиги форумуна активдүү катышуусу жана өлкөбүздө мындай ири иш-чараны өткөрүү мүмкүнчүлүгү жаңы эл аралык бизнес-платформаны түзүүгө өбөлгө болот», — деп билдирди Анна Нестерова, БРИКСтин Аялдар ишкердик альянсынын Орусиядагы бөлүмүнүн төрайымы.

Маалымат үчүн: БРИКСтин Аялдар ишкердик альянсы (АИА БРИКС) 2020-жылы XII БРИКС саммитинде өлкө башчыларынын чечими менен түзүлгөн. Аталган альянс БРИКС өлкөлөрүнүн жана башка мамлекеттердин ишкер аялдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө механизмин камсыз кылат.

АИА БРИКС он улуттук бөлүмдөн турат: Бразилия, Египет, Индия, Кытай, Орусия, Эфиопия, Түштүк Африка, БАЭ, Иран жана Индонезия. Ар бир өлкөнүн курамына өзүнүн бизнесин түптөгөн же ири ишканаларды башкарган бештен аял ишкер кирет.

Бүгүнкү күндө альянстын Беларусь, Казакстан жана Кыргызстанда регионалдык кеңселери бар, ошондой эле Замбия, Зимбабве, Лесото жана Мозамбикте өлкөлүк борборлор иштеп жатат.

Онлайн кайрылуу