Женева шаарында (Швейцария) Эл аралык экспедиторлор ассоциациялары федерациясынын (FIATA) жылдык FIATA HQ Meeting форуму болуп өттү. Иш-чаранын алкагында #КРЭКМ ДСУдагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурбек Максутов негизги мультимодалдык транспорттук коридорлорду оптималдаштыруу маселелерине арналган панелдик сессияга катышты.
Кыргыз Республикасынын өкүлү жана ошол эле учурда БУУнун Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана электрондук бизнес борборунун (UNECE UN/CEFACT) төрагасынын орун басары катары Нурбек Максутов натыйжалуу, туруктуу жана ишенимдүү мультимодалдык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү боюнча эксперттик пикирин билдирди. Талкуу учурунда эл аралык уюмдардын бул тармакты колдоо мүмкүнчүлүктөрү жана аны өркүндөтүүгө багытталган стратегиялык инструменттер жөнүндө сөз болду.
Сессиянын жүрүшүндө Нурбек Максутов Транскаспий транзиттик коридорунун алкагында санариптик жана туруктуу соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча инструменттерди иштеп чыгуу долбоорун тааныштырды. Долбоордун негизги максаты – БУУга мүчө мамлекеттер үчүн саясий сунуштарды иштеп чыгуу, алар санариптик жана туруктуу сооданын өнүгүшүнө, ошондой эле Ортоңку Транскаспий коридорундагы процесстерди оптималдаштырууга өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын бул форумга катышуусу өлкөнүн глобалдык транспорттук демилгелерге интеграцияланышындагы жана региондун кызыкчылыктарын эл аралык аренада илгерилетүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.