Жайкы туристтик сезонуна даярдык

Новости
26-Март 2025-ж.
233

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов 2025-жылдын жайкы туристтик сезонуна даярдык көрүүгө арналган чогулушка катышты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орун басары Эдиль Байсаловдун төрагалыгында өттү. Жыйында КР ЭКМ караштуу туризм департаментинин директору, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун жетекчилиги жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө өткөн туристтик сезондун жыйынтыгы чыгарылып, алдыдагы сезонго карата негизги иш-чаралар жана пландар талкууланды.

Эдил Байсалов өлкөнүн экономикалык өсүшүнө жана эл аралык аброюн бекемдөөгө өбөлгө түзүүчү динамикалуу өнүгүп жаткан тармак катары туризмдин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Транспорттук жеткиликтүүлүк, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын катышуучулары Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы жаңы аэропорттордун, автожолдордун жана туристтик объекттердин курулушунун жүрүшү менен таанышышты. Ошондой эле 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Ысык-Көлдүн жээгинде жыл сайын өтө турган «Рух Санат» эл аралык фестивалы тууралуу сөз болду.

Жолугушуунун негизги маселелеринин бири катары окуялык туризмди өнүктүрүү, экологиялык баланс жана өлкөнүн тарыхый мурасын сактоо каралды. Мындан тышкары, туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүү үчүн бардык мамлекеттик органдардын координацияланган иш-аракеттеринин маанилүүлүгү белгиленди.

Андан тышкары, келе жаткан май айындагы эс алуу күндөр жана анын ичинде Чолпон-Ата шаарында өтө турган ат чабыш жана ШОС «Run the Silk Road – 2024» эл аралык марафонуна даярдыка өзгөчө көңүл бурулду.

Онлайн кайрылуу