Административдик-аймактык реформа иш жүзүндө: Кыргызстандагы шаарлар менен айылдардын жашоосу кандай өзгөрүүдө

Новости
25-Март 2025-ж.
80

2025-жылдын 24-мартында Экономика жана коммерция министрлигинде «Административдик-аймактык реформа шаарлар менен айылдардын жашоосун кандай өзгөртүп жатат?» деген темада пресс-сессия өттү. Иш-чарада министрликтин региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искандарбек Маматов жана Өнүктүрүү саясат институтунун эксперти Бакыт Айткулов реформанын алгачкы жыйынтыктары жана ААР принциптерин өлкөнүн башка аймактарында колдонуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ой бөлүштү.

Ал эми Административдик-аймактык реформанын принциптерин иш жүзүндө колдонгон «Таза-Мурас» муниципалдык ишканасынын директору Ирина Лихобабина, айыл аймагы ирилештирилгенден кийин таштандыларды чыгаруу жолго коюлганын, калк таза суу менен камсыз болгонун, санариптик инструменттер киргизилгенин жана калк менен системалуу иш уюштурулганын көрсөтүп берди.

Искандарбек Маматов администрадивдик-аймактык реформанын биринчи этабы аяктаганын маалымдады: айылдык аймактар ирилештирилди, урбанизацияланган зоналар түзүлүүдө, мейкиндиктик схемалар иштелип чыгууда. Бирок эң негизгиси — географиядагы өзгөрүүдө эмес, башкаруунун логикасынын өзгөрүшүндө экенин белгиледи.

Административдик-аймактык реформанын эң таасын жыйынтыктарынын бири — Түп районундагы Ысык-Көл айыл аймагы. Бул жерде реформа жүргүзүлгөндөн кийин «Таза-Мурас» муниципалдык ишканасы түзүлгөн. Тарифтер коомдук угууларда талкууланып, айылдык кеңеш тарабынан бекитилген. Кийинки кадам — биллинг системасын киргизүү.

«Биз чакан грант утуп алдык, техника сатып алдык, электрондук системага өттүк. Эми баары ачык-айкын, түшүнүктүү, автоматташкан. Карызкерлердин тизмелери ар жума сайын жарыяланат, WhatsApp аркылуу таратылат. Адамдар көбүрөөк катышып, төлөмдөрдү ыктыярдуу жүргүзө башташты», — деп айтып берди муниципалдык ишкананын директору Ирина Лихобабина.

Өнүктүрүү саясат институтунун эксперти Бакыт Айткулов административдик-аймактык реформа жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына реалдуу башкаруучулук функцияны кайра кайтарып жатканын белгиледи. «Эң маанилүүсү — команда болушу жана жоопкерчиликти өз мойнуна алууга даярдык», — деп баса белгиледи ал.

Административдик-аймактык реформа муниципалитеттерди ирилештирүүдөн тышкары, өзгөчө биргелешип башкарууну талап кылган тармактар боюнча — полигондор, жайыттар, ирригация, жолдор сыяктуу маселелерде — муниципалитеттер аралык кызматташууну өнүктүрүүнү да карайт. Ирина Лихобабинанын айтымында, Түп районунда мындай ыкма иш жүзүндө колдонулуп жатат. «Мындай маселелерди жалгыз чечүү мүмкүн эмес. Биз коңшу айыл аймактары менен бириге баштадык — жана бул жыйынтык берди», — деп белгиледи ал.

Практикада мындай ыкма артыкчылыктарды макулдашып аныктоого, донорлор жана министрликтер менен өз ара аракеттенүүгө, жоопкерчилик менен ресурстарды бөлүшүүгө мүмкүндүк берет. Чачыранды чечимдердин ордуна — бирдиктүү башкаруу жана жалпы позиция калыптанат.

Түп районунун мисалы көрсөтүп тургандай, административдик-аймактык реформа формалдуу ирилештирүүдөн эмес, башкаруунун маңызын өзгөртүүдөн натыйжа берет. Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары демилге көтөрүп, жамаат менен бирге так максаттарды коюп, маалыматка таянган чечимдерди кабыл алса — реформа иштейт.

Башка аймактар үчүн бул — административдик-аймактык реформанын принциптерин ишке жарамдуу модель катары колдонууга мүмкүнчүлүк экенин билдирет:

— туруктуу муниципалдык түзүмдөрдү түзүү үчүн ресурстарды бириктирүү;

— калк менен диалог аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана келишимдик мамилелерди бекемдөө;

— эсепке алуу жана көзөмөл жүргүзүү үчүн санариптик инструменттерди этап-этабы менен киргизүү;

— ишке ашырууга жоопкерчилик ала турган жергиликтүү командаларды калыптандыруу.

Онлайн кайрылуу