Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Евразия экономикалык өнүктүрүү банкы (ЕЭӨБ) «Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскадын куруу» долбоорунун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) иштеп чыгуу боюнча техникалык жардам көрсөтүү келишимине кол койду. Бул келишим, 2024-жылдын декабрь айында түзүлгөн кызматташтык боюнча меморандумдун алкагындагы министрлик менен банктын кызматташтыгынын уландысы болуп саналат.
Келишимдин алкагында, ЕЭӨБ долбоордун инвестициялык баскычына өтүүсүнө шарт түзүү максатында алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгууну каржылайт. Банк, министрликтер жана тартылган консультант биргеликте иш алып баруу менен Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскадын курууга керектелген капиталдык чыгымдардын алдын ала көлөмүн аныкташат, долбоордун негизги техникалык чечимдерин иштеп чыгышат, экологиялык жана социалдык аспекттерин баалашат, ошондой эле долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон мамлекеттик колдоо чараларын такташат.
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү багыттарынын бири – өлкөнүн гидроресурстарын натыйжалуу пайдаланып, энергетикалык кубаттуулуктарды жогорулатуу. 1,3 ГВт кубаттуулуктагы «Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскады» долбоору стратегиялык, экономикалык жана социалдык жактан артыкчылыктуу мааниге ээ. Аны ишке ашыруу өлкөдөгү учурдагы жана келечектеги электр энергиясына болгон суроо-талапты камсыздоого, ошондой эле парник газдарынын эмиссиясын азайтууга өбөлгө түзөт.
«Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскадын куруу» долбоору ЕЭӨБдин «Борбор Азиянын суу-энергетикалык комплекси» аттуу негизги инвестициялык мегадолбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Бул долбоор аймактагы суу-энергетикалык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган жана улуттук социалдык-экономикалык максаттарды ишке ашырууга көмөктөшөт. Аталган инвестициялык долбоор Евразия экономикалык өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы 2022–2026-жылдарга карата өлкөлүк стратегиясына шайкеш келет. Ал гидроэнергетикалык кубаттуулуктарды модернизациялоону, жаңы ГЭСтерди курууну жана электр берүү инфраструктурасын өнүктүрүүнү камтыйт.