Министрлер Кабинети 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитти. Бул документ аймактык саясатты системдүү негизде жүргүзүүгө, экономикалык жана социалдык теңсиздиктерди жоюуга, туруктуу өнүгүү борборлорун түзүүгө шарт түзөт.
Программада индустриализация, санариптештирүү, айыл чарба, туризм, айлана-чөйрөнү коргоо жана мейкиндиктик пландаштыруу сыяктуу тармактарды камтыган 14 багытта иш алып баруу каралган. Максаты — аймактардын инфраструктурасын жаңылап, жашоо сапатын жогорулатуу жана элдин чечим кабыл алууга катышуусун кеңейтүү.
Негизги өзгөчөлүктөрдүн бири — комплекстүү мейкиндиктик пландаштырууга өтүү. Региондор маалыматтык базага таянып, өнүгүү сценарийлерин түзүп, аймакты башкаруу боюнча так инструменттерге ээ болушат. «Санарип Аймак» автоматташтырылган маалымат системасы менен интеграция, санариптик карталар, бюджеттер аралык пландаштыруу модулдары ушул максатка кызмат кылат.
Жергиликтүү бийлик органдары программаны ишке ашыруунун негизги жоопкерлери. Алар 2025–2030-жылдарга карата өздөрүнүн өнүгүү программаларын жана иш-чаралар планын иштеп чыгууга тийиш. Бул документтер улуттук стратегиялар менен шайкеш келип, ар бир аймактын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша түзүлөт.
Программа республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын негизинде, ошондой эле өнүктүрүү фонддору менен эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу аркылуу каржыланат. Аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү Президенттин Администрациясы ишке ашырат. Программа расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөн соң күчүнө кирет.
Программа Өнүктүрүү саясат институтунун, EGED программасынын, “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк” программасынын жана Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин (SDC) техникалык колдоосу менен иштелип чыккан.