ДСУнун Соода жол-жоболорун жеңилдетүү комитетинин жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурбек Максутов, БУУнун Соода жол-жоболорун жеңилдетүү жана электрондук бизнес борборунун (СЕФАКТ/БУУ) бюросунун төрага орун басары катары, транзиттик коридорлор боюнча санарип жана туруктуу соода жол-жоболорун жеңилдетүү үчүн Инструментарийди иштеп чыгуу долбоорун сунуштады.
Бул долбоордун максаты – БУУга мүчө мамлекеттерге Ортоңку Транскаспий коридорунун бойлоп санарип жана туруктуу соода жол-жоболорун жеңилдетүүнү өркүндөтүүгө жардам берүүчү саясий сунуштамаларды иштеп чыгуу.
Нурбек Максутов жыйындын катышуучуларына билдиргендей, долбоордун биринчи этабы транзиттик жол-жоболордун үзгүлтүксүз иштешине жана коридорлор боюнча маалымат алмашууга тоскоолдук кылган негизги көйгөйлөрдү жана инфраструктуралык кемчиликтерди аныктоого багытталат. Бул тоскоолдуктар айрыкча деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн соодадагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизет.
«Долбоор ошондой эле чек ара аралык сооданын санариптик трансформациясын колдогон СЕФАКТ/БУУнун маалымат алмашуу боюнча стандарттар пакетин ишке ашыруу боюнча жетекчилик принциптерин иштеп чыгат. Бул принциптер пилоттук режимде сыноодон өтүп, алардын натыйжалуулугу жана актуалдуулугу камсыз кылынат», – деп билдирди ал.
Мындан тышкары, ал Эл аралык соода борбору (ЭСБ) менен биргеликте мультимодалдык транспорттук коридорго байланыштуу дагы бир долбоорду сунуштады.
Нурбек Максутов өзүнүн презентациясынын башында белгилегендей, бул долбоор Европа Бирлиги (ЕБ) менен Борбордук Азиянын ортосундагы байланыштарды чыңдоону илгерилетүүгө багытталган. Долбоордун максаты – Транскаспий транспорттук коридорунун (ТКТК) операциялык натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Борбордук Азиянын өнүгүп келе жаткан жана деңизге чыга албаган өлкөлөрүнө глобалдык нарк чынжырларына интеграцияланууга көмөк көрсөтүү.
«Бул максаттар долбоордун алкагында төмөнкү жолдор менен ишке ашырылат:
- Борбордук Азияда чек ара аралык формалдуулуктарды жеңилдетүү аркылуу сооданы жана туруктуу инвестицияларды тартуу;
- Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы аймактык координацияны жакшыртуу менен соода жана транспорттук байланыштарды чыңдоо;
- Транскаспий транспорттук коридорун колдонуу аркылуу аймактык жана европалык рынокторго жетүүнү жеңилдетүү үчүн чакан жана орто бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.»
Долбоор негизги өнөктөштөрдүн бири – ЭСБ тарабынан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук өкмөттөрү менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылат. Ал Ready4Trade Central Asia (2020-2024) долбоорунун алкагында башталган улуттук жана аймактык реформаларга негизделет.