Кесиптик квалификацияларды таанууну колдоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен, бул демилге дүйнөлүк кызматтар соодасын өнүктүрүү үчүн, айрыкча өнүгүп келе жаткан жана эң начар өнүккөн өлкөлөр үчүн өзгөчө маанилүү. Ушуга байланыштуу, Дүйнөлүк соода уюмунун Кызматтар соодасы боюнча кеңешинин жыйынынын алкагында, Кыргыз Республикасы жана Индия ДСУнун аянтчасында «Кесиптик квалификацияларды таанууну колдоо» темасында тажрыйба жана маалымат алмашуу боюнча өзүнчө сессия өткөрүү демилгеси менен чыгышты.
Эки өлкөнүн биргелешкен билдирүүсүндө айтылгандай, талкуулана турган маселелер, негизинен, кесиптик квалификацияларды таанууну колдоонун соодага тийгизген таасири, ошондой эле маалыматтын жетишсиздиги же ачыктыктын жоктугу сыяктуу маселелерди камтыйт. Мындан тышкары, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өз ара таануу келишимдерине катышуусун кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө, эл аралык уюмдардын жана демилгелердин тиешелүү иш-аракеттерин кароо, ички жөнгө салуу тажрыйбаларын, эки тараптуу же аймактык келишимдерди талдоо, ГАТС жоболорунун актуалдуулугун баалоо жана кесиптик квалификацияларды таанууну колдоо үчүн ДСУнун түзүмүн колдонуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланат.
Ошондой эле, билдирүүдө сунушталган сессия мүчө мамлекеттерге бул багыттагы учурдагы тенденцияларды жана окуяларды баалоого, ошондой эле башка катышуучулардын тажрыйбасынан жана мыкты практикаларынан пайдалануусуна шарт түзөөрү белгиленген.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурбек Максутов сөз сүйлөп, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн адистери өз кесиптик квалификацияларын чет өлкөдө таануудагы кыйынчылыктар бизнес мүмкүнчүлүктөрүн чектей турганын жана бул фактор алардын атаандаштык артыкчылыгына терс таасирин тийгизерин белгиледи. Болбосо, жогорку квалификациялуу адистердин болушу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн кесиптик кызматтар тармагында позициясын чыңдоого жардам берет. Ушуга байланыштуу, ал бул сессияны өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
«Кесиптик квалификацияларды таанууну колдоо өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн дүйнөлүк кесиптик кызматтар соодасына жана кызматтар соодасына кеңири катышуусуна чоң өбөлгө түзө алат», — деп билдирди Кыргызстандын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.