2025-жылдын 19-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү тарабынан CRRC Changchun Railway Vehicles кытайлык компаниясынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын Мэриясы жана «Кыргыз Темир Жолу» «УК» Мамлекеттик Ишканасынын ортолорунда үч тараптуу жолугушуу уюштурулган.
Талкуунун негизги темасы - Бишкекте монорельстүү жолдорду куруу мүмкүнчүлүгү жана аларды мындан ары өнүктүрүү перспективасы. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар бул долбоорду ишке ашыруунун бардык аспектилерин, анын ичинде экономикалык жана техникалык максатка ылайыктуулугун дыкат изилдөөнү макулдашты.
Бишкек шаарынын Мэриясы кытай тарапка изилдөө үчүн монорельстик жолдордун курулушунун эскиздерин тартуулайт. Шаар бийлиги бул долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылышы мүмкүн экенин баса белгиледи, бул чет элдик инвесторлорду тартуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
«Кыргыз Темир Жолу» «УК» Мамлекеттик Ишканасы гибрид электр поезддерине кызыкдар экендигин билдирди, алар атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын бир кыйла азайтууга жана Кыргызстандагы темир жол транспортунун экологиялуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Бишкекте монорельстүү жолдордун долбоорун ишке ашыруу шаардын жарандары үчүн ыңгайлуу жана заманбап транспорт каражатын камсыз кылуу менен борбордун транспорттук инфраструктурасын кыйла жакшыртууга мүмкүндүк берет. Транспорттун жаңы түрү учурдагы жол тармагындагы жүктөмдү азайтып, жол жүрүү убактысын кыскартат жана калктын мобилдүүлүгүн жогорулатат.