2025-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде «Кыргызстанда сапат инфраструктурасынын кызматтарын пайдалануу» долбоорунун Байкоочу кеңешинин жыйынтыктоочу отуруму өттү.
Долбоор 2019-жылдын май айында башталган, ал эми анын экинчи этабы 2022-жылы КР Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын Федералдык физика-техникалык институту (РТВ) кол койгон макулдашуунун алкагында ишке ашырылган. Ушул жылдын март айында долбоор аяктайт.
Отурумга экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев, РТВ долбоорунун эксперттери, министрликтин, КР ЭКМ алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун, КР ЭКМ алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун адистери жана бизнес өкүлдөрү катышты.
Талкуу учурунда долбоордун беш негизги багыты:
-Бишкек жана аймактардагы метрология;
-тамак-аш азыктарын сыноо лабораториялары;
-аккредитация;
-сапат инфраструктурасынын жеке сектор менен өз ара аракеттенүүсү;
-сапат инфраструктурасынын, бизнестин жана жогорку окуу жайларынын кызматташтыгы боюнча жыйынтыктар сунушталды.
Долбоор алкагында бир катар маанилүү натыйжаларга жетишилгени белгиленди. Улуттук деңгээлде эл аралык таанылган аккредитацияланган калибрлөө жана тестирлөө кызматтарынын саны өстү. Аймактарда ишканалар калибрлөө жана сыноо лабораторияларынын кызматтарын кошумча нарк түзүү чынжырларында активдүү колдонуп башташты. Компаниялар жана мекемелер сапат инфраструктурасынын жаңы кызматтарын системалуу түрдө колдонуп жаткандыгынын конкреттүү мисалдары көрсөтүлдү.
Министрдин орун басары Назарбек Малаев долбоордун жыйынтыктарын белгилеп, Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын Федералдык физика-техникалык институтунун ортосундагы кызматташтыкты улантуу үмүтүн билдирди. Ошондой эле жетишкен натыйжалардын туруктуулугун камсыздоо үчүн негизги иш-чаралар жана милдеттер аныкталды.