2025-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Бразилиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Марсел Фортуно Биато менен жолугушту.
Санжар Болотов өлкөлөр ортосундагы экономикалык жана соода байланыштарын өнүктүрүүнүн маанисин белгилеп, кызматташтыктын кеңейиши инвестицияларды тартууга жана Кыргызстандын негизги тармактарынын өсүшүнө өбөлгө түзөрүн айтты.
Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен Бразилиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо боюнча келечектүү багыттарды талкуулап, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, маалыматтык технологиялар, транспорт, суу ресурстары жана туризм сыяктуу негизги тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендигин белгилешти.
Мындан тышкары, тараптар байланыштарды улантып, кыргызстандык өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдар компаниялар тууралуу маалымат алмашуу боюнча макулдашты.