2025-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев менен жолугушту.
Министр Нурлан Ермекбаевди ШКУнун Башкы катчысы болуп дайындалышы менен куттуктап, Уюмдун алкагында соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө үмүт артарын билдирди. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Шанхай Кызматташтык Уюмундагы төрагалыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Бакыт Сыдыков министрлик тарабынан ШКУнун алкагында өткөрүлө турган иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилеп, койулган максаттарга жетүү үчүн өнөктөш мамлекеттер менен мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле, ал ШКУга мүчө мамлекеттердин аймак башчыларынын форумунун жыйыны өз ара байланыштарды талкуулоо жана бекемдөө үчүн маанилүү платформа экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде, ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев уюмдун учурдагы артыкчылыктуу багыттары жана алдыдагы иш-чараларды даярдоо боюнча пландары тууралуу маалымат берип, мүчө мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө ишенимин билдирди. Мындан тышкары, тараптар өнөр жай кооперациясы жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, жеке секторду колдоо жана ШКУ мүчө мамлекеттеринин аймагында жашыл экономиканы илгерилетүү багытында кызматташтыкты өркүндөтүүгө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында Министр менен ШКУнун Башкы катчысы ШКУ алкагында соода-экономикалык, өнөр жай жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого даяр экендиктерин билдиришип, пландаштырылган иш-чараларды ишке ашыруу үчүн биргелешип иштөөгө макулдашышты.