#КРЭКМ караштуу Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү "Aero Nomad Airlines" авиакомпаниясы жана Өзбекстандын алдыңкы туроператорлорунун катышуусу менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара Өзбекстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын аянтчасында өтүп, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы авиациялык байланышты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Жолугушууда "Aero Nomad Airlines" авиакомпаниясынын башкы директору Тимур Аралбаев, ишкананын мүмкүнчүлүктөрү менен кеңири тааныштырды. Тараптар жаңы авиакаттамдарды ишке киргизүү боюнча пландарды талкуулап жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы туристтик агымды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин баса белгилешти. Туроператорлор өз кезегинде демилгеге жогорку кызыгуусун билдирип, туристтер тарабынан жаңы ыңгайлуу авиакаттамдарга суроо-талаптарды белгилешти.
Жаңы каттамдардын ачылышы жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүү, ишкер байланыштарды бекемдөө жана аймактагы туризмди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Соода өкүлчүлүгү эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча ишин улантууда!