Душанбе-Бишкек авиарейстери туризм үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат

Новости
14-Март 2025-ж.
428

Бүгүн Бишкекке Душанбе шаарынан биринчи авиарейс учуп конду, бул Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы туристтик байланыштарды өнүктүрүү үчүн чоң кадам.

Кыргызстанга Тажикстандын алдыңкы туроператорлору, блогерлери жана журналисттери келди. 

Жыйында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин  алдындагы Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов жана Туризмди өнүктүрүү колдоо фондунун вице-президенти Асылбек Алиев катышып, бул иш-чара эки өлкө ортосундагы туризмдин өнүгүүсүнө маанилүү экенин айтышты. 

Эскерте кетсек, 13-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан «Кызыл-Бель» жана «Кайрагач» көзөмөл өткөрмө жайларын ачышкан. 

Бул тарыхый иш-чара Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын өз ара сапарларын жана туристтик агымдардын өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Онлайн кайрылуу