2025-жылдын 13-мартында #КРЭКМ министрдин орун басары Санжар Болотов менен Кытай Эл Республикасынын СУАР Аксу аймагынын губернатору Адили Алинин жолугушуусу болуп өттү.
Министрдин орун басары Адили Алиге Кыргыз Республикасына жасаган сапары үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, аны кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Атап айтканда, Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын көлөмүн Кытай рыногуна экспорттоону көбөйтүү маселеси талкууланды.
Жолугушууда ошондой эле эки өлкө ортосундагы туристтик агымды жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде Ысык-Көлдүн жээгинде мейманкана инфраструктурасын куруу боюнча биргелешкен инвестициялык долбоорлор каралды.
Тараптар биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу перспективаларын, анын ичинде «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу жана «Бедель» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу автомобиль маршруттарын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.