2025-жылдын 13-мартында #КРЭКМ караштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү кондитердик азыктарды ири өндүрүүчүлөрдүн бири - «Crafers» заводунун жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Соода өкүлчүлүгү тарабынан кондитердик азыктарды түзүүгө негиз боло ала турган жогорку сапаттагы кыргыз кум шекерин, унун жана кургак сүттү жеткирүүнү уюштуруу сунушталды.
Заводдун жетекчилиги бул демилгеге чоң кызыгуу менен мамиле жасап, кыргыз айыл чарба продукциясынын жогорку сапатын жана мындай өнөктөштүктүн келечектүүлүгүн белгилешти.
Бул кадам биздин өлкөлөр ортосундагы соода байланыштарын бекемдеп жана кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн өзбек рыногуна чыгуусуна жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.