Isuzu NPR75 жүк ташуучу унааларын тапшыруу: улуттук автоөнөр жайды жана бизнести колдоо

Новости
14-Март 2025-ж.
495

2025-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, долбоорго олуттуу колдоо көрсөткөн Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен бирге, «Тулпар Моторс» заводунда чыгарылган, 20 даана Isuzu NPR75 жүк ташуучу унаасын атамекендик «Шоро» компаниясына тапшыруу аземине катышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга автоунааларды чогултуу жана өндүрүш процесстери да көрсөтүлүп, аны локалдаштырууну тереңдетүү боюнча келечектеги пландар жөнүндө маалымат берилди.

Автоунааларды тапшыруу Кыргызстандын автоөнөр жайын өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү багытында кезектеги маанилүү кадам болду. 2024-жылдын июлунда ишке кирген «Тулпар Моторс» заводу биринчи жылы эле 500дөн ашуун транспорттук каражат чыгарган.

#КРЭКМ улуттук өнөр жайды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, анын ичинде салык жана бажы жеңилдиктерин берүүнү улантууда, сертификаттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жана жеңилдетилген автоунаа насыяларын сунуштоо чараларын көрүлүүдө. Мындай чаралар өнөр жайды өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана Кыргызстандын автотранспорт каражаттарын өндүрүүчү өлкө катары позициясын бекемдөөгө көмөктөшөт.

Бул чаралардын натыйжасында жергиликтүү автоөндүрүүчүлөр үчүн өсүүгө кошумча стимулдар түзүлүп, кыргызстандык компаниялар сапаттуу автоунааларды ыңгайлуу шарттарда сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда.

Онлайн кайрылуу