Бүгүн, 13-мартта, Кыргызстан Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Президенти ЭмомалиРахмондун жолугушуусунун алкагында эки тараптуу мамилелерди чыңдоого багытталган маанилүү документтерге кол коюлду. Кол коюлган документтердин арасында — Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлигинин ортосунда өнөр жай жана жаңы технологиялар жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандуму да бар. Бул документ Тараптардын өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүдө тыгыз өз ара аракеттенүүсүнө, жаңы технологияларды киргизүүгө жана өнөр жайды модернизациялоого, ошондой эле өз ара экономикалык максаттарга жетишүүгө көмөктөшөт. Эскерте кетсек, бул келишим 2024-жылдын октябрында Тажикстанда өткөн Мамлекеттер аралык инвестициялык тоо-металлургия форумунун алкагында, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри менен Тажикстан Республикасынын өнөр жай жана жаңы технологиялар министринин жумушчу жолугушуусунун жыйынтыгы. Анда, өнөр жай кооперациясы боюнча кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланган. Жолугушуунун жыйынтыгында белгиленген кызматташуу пландарын камтыган тиешелүү долбоордук документти демилгелөө макулдашылган.