Япония менен сүйлөшүүлөр: инвестициялар, салыктар жана EXPO катышуу

Новости
13-Март 2025-ж.
425

2025-жылдын 12-мартында экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года менен жолугушту. Жолугушууда гранттык-техникалык кызматташуу, каржы секторундагы өз ара аракеттенүү, эки тараптуу документтердин абалы жана соода-экономикалык кызматташуунун башка маселелери талкууланды.

Айрыкча, эки өлкө ортосундагы кош салык салууну болтурбоо боюнча келишимге, ошондой эле инвестицияларды коргоо жана колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Санжар Болотов кыргыз тарап бул документтерди кароону тездетүүгө жана аларды жылдырууга кызыкдар экенин белгиледи, анткени бул экономикалык өнөктөштүктү чыңдоого өбөлгө түзөт.

Ошондой эле жолугушууда Кыргыз Республикасынын алдыда өтө турган EXPO көргөзмөсүнө катышуу маселеси каралды. Анда өлкөнүн жетишкендиктерин көрсөтүү, маданиятты жайылтуу, экономикалык байланышты чыңдоо жана инвестицияларды тартуу үчүн атайын павильон уюштурулат.

Мындан тышкары, тараптар «Япония – Борбор Азия» форматынын алкагындагы кызматташуу жана «Бир айыл – бир продукт» улуттук долбоорун ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар активдүү диалогду улантуу жана белгиленген багыттар боюнча кызматташтыкты тереңдетүү үчүн конкреттүү чараларды көрүү жөнүндө макулдашты.

Онлайн кайрылуу