Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Эл аралык валюта фонду (МВФ) миссиясынын башчысы Николоз Гигинеишвили жана МВФ Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Фарид Талышлы менен жолукту. Жолугушуу макроэкономикалык кырдаалды баалоого багытталган IV Статья боюнча консультациялардын алкагында өттү.
Жолугушуунун башкы максаты – учурдагы экономикалык процесстерди талкуулоо, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болду. Тараптар фискалдык-бюджеттик саясат, инвестициялык климат, энергетикалык сектордогу реформалар жана коррупцияга каршы чаралар боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында Чоро Сейитов Кыргызстан экономикасы өсүүнүн оң динамикасын сактап жатканын жана өкмөт макроэкономикалык туруктуулукту бекемдөө боюнча активдүү иш алып барып жатканын билдирди. Өз кезегинде, МВФ өкүлдөрү улантылып жаткан реформалардын маанилүүлүгүн баса белгилеп, өнүгүүнүн негизги багыттары боюнча техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин маалымдады.
Белгилей кетсек, МВФ миссиясы «Кыргыз Республикасындагы потенциалдуу өндүрүш көлөмү», «Кыргыз Республикасындагы эмгек рыногу: көйгөйлөр жана саясаттагы реформалар», «Кыргыз Республикасы: мамлекеттик ишканалар менен байланышкан фискалдык тобокелдиктер» тууралуу аналитикалык материалдарды даярдады. Бул материалдар мындан аркы кызматташтыктын алкагында талкууланат.