ЖАРЫЯ!

Новости
12-Март 2025-ж.
486

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» 2025-жылдын 4-мартындагы №113 токтомуна ылайык, #КРЭКМ Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторун тандоо жараянын баштайт.

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 19-мартынын саат 09:00дөн тартып, 2025-жылдын 1-апрелинин саат 18:00гө чейин.

Өтүнмөлөрдү тапшыруу дареги: Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 207, кирүү Орозбеков көчөсү тарабынан.

Суроолор боюнча кайрылуу үчүн электрондук дарек: orozalimov@mineconom.gov.kg

Байланыш телефондор: (0312) 62 05 35 (кош. 197), +996 0502 05 98 01.

Катышууга Кыргыз Республикасынын жогорудагы токтомдо белгиленген талаптарга жооп берген юридикалык жактар чакырылат. Өтүнмөлөр жабык конверттерде кабыл алынат.


Тандоо тартиби

Тандоо Кыргыз Республикасынын деңиз реестринин улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө Жобого ылайык жүргүзүлөт.

Өтүнмөлөрдү ачуу мөөнөтү: Өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктагандан кийинки күн. Өтүнмөлөрдү ачуу дареги: Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 207, кирүү Орозбеков көчөсү тарабынан.

Жобонун толук тексти жана өтүнмөнүн формасы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин расмий сайтында жеткиликтүү (тиркемеде).

Катышуу шарттары тууралуу түшүндүрмө алуу үчүн суроолорду, өтүнмөлөрдү ачууга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен жиберүүгө укуктуу.

Кызыкдар болгон компанияларды тандоого катышууга чакырабыз.

Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтом.pdf

Токтомдун тиркемеси.pdf

Арыз жана талаптар.docx

Онлайн кайрылуу