Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Евразиялык Тоолуу Курорттору Альянсына мүчө болду. Кызматташтык боюнча Меморандумга Азербайжандагы Евразиялык тоо туризми форумунда Фонддун президенти Кылычбек Рысалиев кол койду.
Кылычбек Рысалиев, Альянска мүчө болуу эл аралык инвестицияларды тартууга жана Кыргызстандагы тоо кластерлерин өнүктүрүү боюнча чоң долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүгө жардам бере тургандыгын белгиледи.
Ал ошондой эле, тоо инфраструктурасын өнүктүрүүнүн өлкөнүн туристтик жаратылышын жакшыртуудагы маанилүүлүгүн эскертти. Бул өз кезегинде жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактарда экономикалык өсүштү стимулдаштырууга өбөлгө түзөт.
Маалымат катары: Евразиялык Альянс Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжандык тоо лыжа курортторун камтыйт, ошондой эле өзүнүн биринчи лыжа базасын Йонпхёнду ачуу пландарын түзгөн Түштүк Кореяны да кошот.